У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчыны дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, дайындалды:

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;
— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;
— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;
— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;
— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;
— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;
— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;
— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;
— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;
— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;
— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;
— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;
— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;
— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;
— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;
— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;
— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;
— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;
— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter