У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкерге 1 млн сомдон төлөнүп берилди

Жумуш учурунда каза болгон медкызматкерлерге 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Бүгүнкү күндө, коронавирустан каза богон 18 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө акча каражаты төлөнүп берилген. Мындан сырткары, дагы 34 учур каралып, иликтенип жатат”, - деп билдирди 
 
 Кызмат учурунда оору жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон компенсация каралган. Жалпысынан республика боюнча 800 медкызматкердин документтери тапшырылган:
Ош облусунан -113 документ;
Талас облусунан – 33;
Чүй облусунан – 337;
Баткен облусунан – 25;
Нарын облусунан – 35;
Ысык-Көл облусунан – 48;
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан (Бишкек) – 14 документ келип түшкөн.
 
Ошондой эле Бишкек шаарындагы санэпидкөзөмөл борборунан, Улуттук госпиталдан жана Бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан документтер тапшырылып, жалпысынан 800 документ каралып жаткан учуру.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter