У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шумдугуң кур…



 Ийилчээк Даниэль
Дүйнөдөгү эң ийилчээк адам деп Даниэль Браунинг саналат. Ал бала кезинен эле ийилчээк болуп, ар кандай татаал көнүгүүлөрдү жасап келген. Бирок Даниэль кичинекей кезинде өзүнүн өзгөчө экенин билген эмес. Балдардын баары эле ийилчээк болсо керек деп ойлогон. Бирок кийинчерээк ал өзүн башкалардан өзгөчө экенин жана анын ийилчээктиги ага табияттан тартууланган талант экенин билип, ал өнөрүн дагы өркүндөтө баштаган. Даниэль 18 жашка чыкканда үйүнөн качып чыгып циркте иштеп калат. Ал кичинекей сандыкка батып кете алат. Буту арты, өзү алдыны карап баса алат. Керек болсо  көкүрөк клеткасында ары- бери жылдырып кыймылдата алат. Кыскасы, денесинин ар бир мүчөсү кайсы тарапка бурса ошол тарапка бурула алат. 

Магнит Лив
Темир аттуунун баарын денеси менен өзүнө тарта алган Лив Тоу Лин 70 жаштан ашты. Лив Тоу Лин Малайзияда жашайт. Анын бул өнөрү өзүнүн айтканы боюнча чоң аталарынан берилген. Себеби Ливтин да баласы жана эки небереси  ушундай өзгөчө касиетке ээ. Лив өз өнөрү менен эл алдына чыгып ар кандай өнөрлөрдү көрсөтүп келет. 

Ооруну сезбеген Тим
Американын жашоочусу Тим Криланд такыр эле ооруну сезбейт. Ал ысыбайт да үшүбөйт. Ал өзүнүн ооруну сезбей тургандыгын мектепте окуп жүргөн кезинде байкап калат да бирге окуган классташтарына  айтып, аларга далилдөө үчүн колдорун ийине менен сайгылап көрсөтүп берет. Анын мындай өзгөчөлүгүн изилдеп көрүшкөн дарыгерлер Тимдин организминде  башка адамдарга салыштырмалуу ооруну сездирбеген заттын  бир топ жогору экендигин аныкташкан.

Өзгөчө Синх-Абу
Синх-Абунун канын группасы адамдарда кездешкен төрт группанын бирине да кирбейт. Дарыгерлердин текшерүүсүндө анын канын группасы табылган эмес. Аны бир жолу эң уулу жылан чагып алат, бирок Абу эч нерсе болгон эмес. Тескерисинче, жыландын уусу анын организмине сиңип кеткен. Буга дарыгерлер таң калышып, мындай өзгөчөлүктүн сырын таба алышпай келишет.

Уктабаган Ретт 
Ретт Ламб 3 жашынан баштап таптакыр уктабайт, керек болсо уктаганды билбейт. Бирок  Ретт өзүн сутка бою мыкты сезет жана анын организминде баары жайында. Ал өзү теңдүү балдар сыяктуу эле өсүп жатканын дарыгерлер айтышат. Бирок эч уктабайт. Күдүз да, түндө да уктабайт. 

Үшүбөгөн Вим 
Нидерландиялык Вим Хоф муздак эмне экенин билбейт. Такыр үшүбөйт. Анын денесинин температурасы абдан төмөн болгондуктан муздак сууда эч үшүбөй сүзүп жүрө берет. Ал муздак сууга түшүү боюнча дүйнөлүк рекорд жаратып муз аралашкан сууда 73 мүнөт туруп, дагы бир канча мүнөт муз астында сүзгөн. Кыштын кычыраган чилдесинде чолок шым менен көчөдө ээн- эркин жүрө берет.



 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter