У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-класстын окуучуларын мектепке ташуу маселеси каралууда…

Бүгүн, 27-августта Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында окуучулар жаңы окуу жылында кандай тартипте билим алары жана мектептерде санитардык- эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
 
Буга чейин белгилүү болгондой жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат, калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери аралыктан билим алат.
 
Премьер-министр биринчи класстын окуучулары окуй турган мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигин белгиледи.
 
«Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алуу менен, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү», – деди Боронов.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter