У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лукашенко Урицкийге: "Данияр, сен чынчыл адам экенсиң..." Жолугушуунун видеосу тарады


Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, Даниил Урицкий (Кадимки эле Данияр Үсөнов) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коомунун иштери менен таанышкан. 

Башка өлкөдө баш калкалап жүргөн мекендешибиз (соттолуп издөөдө жүргөн) канчалык атын эле эмес, чоң атасынын атынан өйдө өзгөртпөсүн, анын кыргыздын эле Данияры экенин Беларус башчысы көз алдында далилдеди. 

"Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деди жолугушууда Дукашенко. 



Эске салалы, жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter