У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдошум каза болуп калган. Кайниме турмушка чык деп жатышат...


Жолдошум жүрөгү кармап мындан 2 жыл мурда каза болуп калган. 2 кыз 3 уулубуз бар. Жолдошум 2 эле бир тууган. Кайним үйлөнө элек. Эмнегедир жашы өтсө да үйлөнбөй жүрөт. Биз кайын журт менен турчубуз. Кыздарым эгиз. Алардан кийин удаа 3 уулдуу болгонбуз. Балдарым жаш. Жолдошум экөөбүз бактылуу эле жашап жатканбыз. Күтүлбөгөн жерден эле каза болуп калды.

Жүрөгүм канап, 5 балам менен кала бердим. Кайним чет өлкөдө иштеп жүрчү. Күйөөм каза болгондо келгенге аргасыз болду. Анткени айыл жергесинде ата-энебизге кол кабыш кылып, чөбүн чаап, отунун алганга киши керек болду. Мал кармайбыз, аларды караганга эч ким жок. Күйөөмдүн ашы өткөндө атам менен апам алып кетебиз дешсе кайын атам менен кайын энем ыйлап жибербей коюшкан. Быйыл туура 2 жыл болуп бара жатат.

Жакында эле кайын журтум менен төркүнүмө барып келгенбиз. Кайын энем апама кызыңызды алып кетпеңиз, кайра эле келин кылып алалы деп колумду сураптыр. Мага андай ой менен баргандарын айткан эмес. Башыман ылдый муздак суу куюп жибергендей жаман болдум. Апам да, кайын энем да балдарыңды башка ким ата ордуна ата болуп асырайт деп болбой жатышат. Балдарым да "ата" деп кайнимди аябай жакшы көрүшөт.

Бул жактан кетип калсам 5 баламды каякка алып барып корголотом? Айтор айлам кетип турат. Окурмандарыңыздан кеңеш уккум келип сиздерге кайрылдым. Кайын энем: "Кыргыздын салты ушул, агасы өлсө артында иниси турат. Келинди колдон чыгарбай, балдарды жетим кылбай чоңойтолу. Кайниң деле жаман жигит эмес, басып кеткидей жаш эмес" деп күнүгө айтат. Кайним экөөбүз мурда анча-мынча жеңе-кайни болуп сүйлөшүп калчу элек, азыр бири-бирибизден уялып, чогуу отуруп чай ичпей калдык. Эмне кылсам туура чечим чыгарган болом? Кеңеш күтөм...
(Окурмандын купуя каты)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter