У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сезим Рысалиева, бийчи: «Бийлегенди токтотпойм, жаштыгым, келбетим, тажрыйбам бар»

  • 27.02.2020, 11:51,
  • ---
  • 0

Сезим Рысалиева, бийчи:
  «Бийлегенди токтотпойм, жаштыгым, келбетим, тажрыйбам бар»

- Сезим, көп убакыттан бери бийлебей калдыӊ эле, бий дүйнөсүнө кайра кайтып келдиӊби?
- Ооба, бир жарым жылдай менде тыныгуу болду окшойт. Эми тыныгуу болгондо кандай, ошол кезде такыр эле бий студиямды жаап салып, эс алууга чыгып кеткен жокмун. Баламды көтөрүп алып да студияга келип иштеп, чакырууларга барып, өзүм бийлебесем да курамдагы кыздарды жумуш менен камсыздап турдум. Бирок бала менен ишим аксай түштү. Анткени балалуу болгондон кийин эне деген атка ээ болуу менен бирге чоӊ жоопкерчилик да моюнга жүктөлөт экен. Баланын  жоопкерчилиги менен камкордугу сенде болгондуктан балам үчүн жумушту бир аз жыйыштырууга туура келди. Албетте, үй- бүлөлүү болгондон кийин үй- бүлөдөгү шарттар да мурдагыдай иштөөгө мүмкүнчүлүк түзбөйт экен. Үй – бүлөлүк шартка да карап, экинчи жагынан баламды бир аз чоӊоютуп алайын дедим. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Балам басып, чуркап, бала бакчага барып калды. Ошондуктан жумушка кайра кайттым. Чынын айтсам, ошол тыныгуу алып отурган учурдун да мага пайдасы тийди десем болот. Себеби бир жарым жыл аралыгында өзүмдүн эмне каалаганымды, кандай ишти алып кете аларымды талдап алдым. Менин жандүйнөм бийге жакын экен. Бий студиясынан башка жумуштарга калоомдун жоктугун, бий жашоомдун маӊызы экенин түшүндүм.


-  Бий тобуӊа 3 жаштагы бөбөктөрдү да кабыл алып жатыпсыӊ, 3 жаштагы наристелер менен иштөө абдан эле оор болсо керек?
- Бийлегенди канчалык эрте үйрөнсөӊ ошончолук бийик чеберчиликке жетесиӊ. Себеби жаш кезде баарыбыз ийилчээк  болобуз. Бул биринчи жетишкендик болсо, экинчиси жаш кезибизде убакытыбыз кенен, турмуштук көйгөйлөрүбүз жок болот. Ошол себептен кайсы бир өнөрдүн ээси болом дегендер ал нерсеге эрте аралашуусу керек деп айтам. Албетте, балдар менен иштөө өтө оор. Өзгөчө азыркы муундун балдары менен тил табышуу кыйын. Баарыбыздын балдарыбыз эрке, мүнөзү оор. Бирок ошого карабай биз балдардын тилин таап, алардын жандүйнөсүн түшүнүп, керек болсо энелик да мээрим төгүп өзүбүзгө көндүрүп бийлегенди үйрөтүп келебиз. Балага өнөр үйрөтүү, андагы катылып жаткан талантты ачуу ийне менен кудук казган сыяктуу эле. Бул жерде биринчи сабыр жана мээрим керек.

- Бий топторунун ачылып кайра бат эле жабылып калуусунун себеби эмнеде?
- Эми ар кандай болот. Кээде турмуштук жагдайлар бий студиясынын жабылуусуна шарт түзсө кээде адамдын калоосу жок болуп жаап таштайт. Айрым учурда бийлей турган кыздардын жоктугу же алар менен тил табыша албай калган учурлар да кездешет. Мен бий студиямды 18 жашымда ачкам. Кудайга шүгүр, ошол күндөн бери жакшы иштеп келе жатабыз. Жаӊы ачканда келген кыздар дагы деле бар. Айрымдары башка жакка кетсе да жакшы мамиледебиз. Кандай гана жумуш болбосун эӊ башкысы жакындарыӊдын колдоосу керек экен. Мага жакындарым тоодой тирек болгон үчүн  гана ушул жумушумдун аягына чыгып иштетип кете алдым. Болбосо азыр эки студия ачып, бир эмес үч жумушта иштейт белем ким билет...

- Көп эле бийчилер жеке бий студияларын ачкандан кийин эле бийлебей, сахнага чыкпай калышат. Сен да эми бийлегенди токтотосуӊбу?
- Мен башынан эле бийлеп келгем. Азыр да билейм. Анткени бий менин жандүйнөмдүн азыгы. Бийлөө менен жашоонун оордугун, өзүмдөгү көйгөйдү унутуп, ачуумду чыгарып, жандүйнөмдү эс алдырып, күч топтоп, жашоого болгон көз карашымды өзгөртүп алам. Бийлеп жатканда көӊүлүм көтөрүлүп, маанайым ачылса, элдин колдоосу, кол чабуусу күчүмө күч кошуп, чыгармачылык эргүү тартуулап, алдыга кадам таштоомо стимул берет. Жаштыгым, келбетим, тажрыйбам, билимим азыр менин бийлөөмө, сахнага чыгуума жол берет. Ошондуктан бийлегенди азыр же эртеӊ токтотом деп айта албайм.

- Кыздардын көбү акча үчүн гана бийлешет дегенге кандай карайсыӊ?
- Эми ар кимдин көз карашы ар кандай. Канча адам болсо ошончо ой- пикир айтылат.  Баарынын пикирин сыйлайм. Үй- бүлөсү бар, баласы бар бийлебей эле койбойбу дегенди мен да уккам. Бийлөө кээ бир адамдар айткандай уят эмес. Бий – искусство. Аны ар ким ар кандай түшүнөт. Бийлейт десе эле жарым жылаӊач болуп элдин алдында бийлөө дегенди түшүнбөш керек. Бий деле өнөр. Аны ким кандай колдонот ал ар бир бийчинин өз эркинде жана абийиринде. Мен бий менен акча табууну көздөбөйм. Жогоруда айткандай бий менен элимдин намысын талашкым келет.

Жаркынай Кадыркулова 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter