У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекке коронавирустун антителолорун аныктоочу тесттер келди


Бишкекте коронавирус инфекциясынын антителолорун аныктоочу тесттер пайда болду. Бул тууралуу Донецк лабораториясы  билдирди.
Адистер сыноону бүгүн, 8-июлда, эки формада башташат: SARS-CoV-2 коронавирусуна антителолор, IgG жана SARS-CoV-2, IgM коронавирусуна антителолор. Кааласа  адам эки тест үчүн тең анализ жасай алат.

Текшерүүлөр Бишкек шаарында гана жүргүзүлөт, кийинчерээк тестирлөө бүт республика боюнча уюштурулат.
Дарыгердин көрсөтмөсү менен тест берүү бардык тургундарга жеткиликтүү. Эгерде сизде жолдомо (направление) жок болсо, анда лабораторияга кайрылып, COVID-19 антителолорун аныктоо үчүн анализ жүргүзсөңүз болот.

Лабораториялык анализде COVID-19 вирустук инфекциясы үчүн эки маанилүү индикатор - IgG (иммуноглобулиндер G) жана IgM (иммуноглобулиндер М) текшерилет. Аларда оорунун стадиялары жана даражалары аныкталып, айыгуу процесси көзөмөлдөнөт.

IgM - вирус киргенде организмде пайда болгон биринчи антителолор. IgM вирус организмге кирген соң оору күчөп кеткиче  3-5 күндүн ичинде организмди коргоп туруучу антителор. IgM антителолорун вирус киргенден кийин үч айдын ичинде адамдын каны аркылуу табууга болот. 

IgG - вирус жуккан учурдан тартып 3-4 жума ичинде пайда болуп, узак убакыт бою канда болуп, организмди вирустан коргой турган антителолор. Эгерде IgM антителолору адамдын канында бир нече ай жашаса, анда кээ бир вирустарга IgG антителолору өмүр бою сакталып турушу мүмкүн. 

Бул IgG жана IgM  антителолору  дарыгерге адамдын абалын баалоого, диагноз коюуга жана дарылоо стратегиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter