У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт: "Орун жетиштүү...Бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды"


Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 29-июнда өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалганын маалымдады. 

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, "Манас" аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Орундуктардын баары өпкө дарты менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды.

28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди.
Бүгүндөн, тагыраагы 29-июндан баштап №1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.
Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter