У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечээ, жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор

Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган жол кырсыгынан үч адам жабыркаган. Алардын бири ырчы Асел Кадырбекова экенин ырчынын жолдошу Нурлан Насип маалымат каражаттарына тастыктады.
 
Ырчы Асел Кадырбекова 4-шаардык ооруканага өтө оор абалда жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы өтө оор деп бааланууда.
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал баш мээсинен жаракат алган. Акыреги сынган жана башка жаракаттары да бар. Эс-учуна келе элек.
 
Эске салсак, 26-июнда саат 15:30 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнү кесилишинде "Хонда Одиссей" жана "Тойота Камри" унаалары кагышкан жол кырсыгы катталган.  Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter