23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата
“Санариптештирүү доорунда мамлекеттик тил саясатынын абалы” аттуу республикалык онлайн-конференция болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата
“Санариптештирүү доорунда мамлекеттик тил саясатынын абалы” аттуу
республикалык конференция уюштурду. Иш-чара кырдаалга байланыштуу онлайн түрүндө болду.
Конференцияга өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өкүлдөрүнөн жалпы 500дөн ашуун адам катышты.
Бул онлайн-конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы
Ишекеев Назаркул өзү алып барып, куттуктоо сөзгө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
Сагынбаев Бакытбек Эсенбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы
Алишеров Нурдин Куванычбекович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору
Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын төрагасы
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, “Кыргыз тили” республикалык коомунун вице-президенти
Кадырбек кызы Нуркыз байланышка чыгып, жылуу сөздөрүн айтышты. Андан соң баяндамаларга кезек берилип, маңыздуу баяндамалар болду:
1. “Санариптештирилген Кыргызстандын келечеги” Мурзакматов Апсамат Кыргыз Республикасынын Байланыш жана информациялык технологиялар мамлекеттик агенттигинин санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы.
2. “Башкаруу иштериндеги мамлекеттик тил маселелери” Абылкасымова Тамара Нурмамытовна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти.
3. “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча типтүү нускама тууралуу” Абдыжапар уулу Мундузбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы.
4. “Учурдагы сабаттуулук маселелери” Култаева Үмүт Баймуратовна Кеңешме органдын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор.
5. “Кыргызтест: мүмкүнчүлүктөр жана мүчүлүштөр” Топоева–Ставинская Батма Болоталиевна Кыргызтест мамлекеттик ишканасынын директору.
6. “Күч түзүмдөрүндөгү мамлекеттик тилдин абалы” Орозакунов Айбек Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы.
7. “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жаңы доор – жасалма интеллект” Окенов Мирбек “Улут Софт” коомдук уюмунун жетекчиси.