«Көкөтөйдүн ашы» өткөн жер айтылуу, даңазалуу Каркыра жайлоосунда, Кыргыз адабиятынын көч баштоочуларынын бири, залкар жазуучу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, сахна жана кино жылдызы, дүйнөлүк искусство чебери, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмери, залкар актёр Советбек Жумадыловдун 90 жылдык эскерүү мааракелери жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Иш-чара 22-23-июль эки күнгө созулат.
Мааракенин мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатышына Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин эмгеги, салымы зор. Түздөн-түз эл өкүлүнүн демилгеси жана демөөрчүлүк аракети аркылуу иш-чара республикалык масштабда өткөрүлүп жатканын белгилеп койсок ашыкча болбос.
Ысык-Көлдүн, деги эле атпай кыргыз журтунун чыгаандары, улуттун уңгусун улаган, улуулугун даңазалаган Түгөлбай Сыдыкбеков менен Советбек Жумадыловдун мааракесин бийик деңгээлде өткөрүү, кийинки муундун патриоттук рухун ойготуп, улуттук нарк, баалуулуктарды баалай билүүгө шыктандырат.
Иш-чаранын ачылышын Ысык-Көл облусунун губернатору Алтынбек Сулайманов ачып, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев сөз сүйлөштү.
Иш-чара эки күнгө созулат. 22-июлда кыргыз-казак эл аралык айтышынын биринчи бөлүгү жыйынтыкталып, 10 төкмө акындын 6 акыны экинчи финалдык бөлүккө жолдомо алышты.
Ошондой эле, күрөш, көк бөрү оюндарынын дагы биринчи бөлүгү жыйынтыкталды. Эртең финалдык беттеш орун алат. Мындан сырткары, эртеңки иш-чарада ат чабыш, кыз куумай оюндары да болот. Жалпы улуттук оюндардын баш байгелерине 6 машина коюлду.
Ал эми төкмө акындардын байге фонду 1 миллион сомду түзүп, баш байге 150 миң, 1-орун 100 миң, 2-орун 80 миң, 3-орун 70 миң сом, 50 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык берилет. Байге кош байге катары экиден берилет.