Пайдалуу кеӊештер...
- 18.02.2020, 15:16,
- Коом
- 45
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Пайдалуу кеӊештер...
Кызылча
Адамдын организмине тийгизген пайдалуулугу жагынан кызылча жетинчи орунда турат. Анын курамында адамдын организмине эӊ керектүү болгон А, С, В, РР витаминдери жана аминокислатасы бар. Кызылчаны көбүнчө аменмияда колдонсо жакшы жыйынтык берет. Кызылчанын курамындагы керектүү витаминдер жыл бою эч нерсе болбой сакталып тура бергендиктен аны жылдын кайсы убагында болсо да жей берсе болот. Кызылчаны кант диабети менен ооругандар жана бөйрөк оорусу барлар колдонгонго болбойт.
Капуста
Алтынчы орунда пайдалуулугу жагынан капуста турат. Капустанын курамында С витамини абдан көп. Ошол менен бирге марганец жана калийге да бай. Капуста организмди заяндуу заттардан тазалап, тамак сиӊирүүнү жакшыртат. Арыктоону максат кылгандар үчүн капуста табылгыс тамак. Себеби анын курамында эч кандай май жок.
Ашкабак
Бешинчи орунда ашкабак турат. Анын курамында пектин, бета-каротин, калий абдан көп болгондуктан ал көздүн көрүүсүн жакшыртат. Териге да абдан пайдалуу. Ашкабактын өзү эле пайдалуу болбостон анын данеги да пайдалуу витаминдерге абдан бай. Кургатылган данеги ичтеги курттарды жок кылат жана организмди тазалайт. Ашкабакты ашказан оорусу барлар, ич өткөндөр, кант дибети менен жабыркагандар колдонго болбойт.
Кулпунай
Пайдалуулугу жагынан төртүнчү орунда талаа кулпунайы турат. Анын курамында темир абдан көп болгондуктан ал канды тазалоочу касетке ээ. Бул жемишти жазгы витаминдер жетишсиз болгон убактын кийинки жай мезгилинде жесе абдан пайдалуу. Кулпунайды эч коркпой эле жей бериш керек. Анткени ал өзүн -өзү тазалоочу касиетке ээ.
Карагат
Үчүнчү орунда карагат турат. Бул жемиш көздүн көрүүсүн жакшыртат жана организмди тазалайт. Карагат кандагы холестириндин санын азайтат.
Авокадо
Экинчи орунда Авокадо турат. Бул жемиштин курамындагы пайдалуу заттарды бир дагы жемиш алмаштыра албайт. Анын курамында В группасындагы витаминдер абдан көп. Авокадо жүрөк кан- тамыр ооруларынын алдын алат жана алардын иштешин жөнгө салат. Нерв системасын бекемдейт жана анын иштөө функциясын жакшыртат. Жүрөккө табылгыс азык болуп саналат.
Кедр жаңгагы
Ал эми пайдалуулугу жагынан биринчи орунда кедр жаӊгагы турат. Бул жаӊгактын курамында адамдын ден соолугун чыӊдай турган баардык заттар бар. Тактап айтсак ал микроэлементтер, макроэлементтер, витаминдер, калий, цинк, күмүш сыяктуу эӊ пайдалуу заттарга бай жемиш болуп саналат. Жаӊгак адамдын организмин азыктандырат. Аялдар үчүн да эркектер үчүн да абдан пайдалуу. Өзгөчө кош бойлуу аялдар жесе аялдын да баланын да ден соолугу чыӊ болот.
Фабула пресс