Дүйнөлүк банк Кыргызстанга электр тармагын модернизациялоо үчүн 50 миллион доллар бөлөт
- 20.09.2022, 13:50,
- Экономика / Жаңылыктар
- 494
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
19-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Электр энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды.
Келишимде 50 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо каралган, анын 25 миллион доллары кредит, 25 миллион доллары грант.
Министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевдин айтымында, бөлүштүрүүчү тармактарды модернизациялоо жана трансформаторлорду сатып алуу боюнча иш-чаралар 10 миллион долларга пландалууда.
«Социалдык камсыздоого 3 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз. Каржылоо 4 бөлүктөн турат», - деди ал.
Ал ошондой эле бул долбоордун алкагында 600 миң акылдуу эсептегичтерди алуу пландалып жатканын кошумчалады.