У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адахан Мадумаров азырынча күбө катары суралууда…


 Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун аракетине укуктук баа Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кыргыз-тажик чек арасы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунушун парламент жактыргандан кийин берилет. Бул тууралуу аталган органдан билдиришти.
 
Учурда Адахан Мадумаров күбө катары калууда.
 
«Депутаттын үстүнөн айыптоо парламент көзөмөл органынын жетекчисинин сунушун жактыргандан кийин гана жүргүзүлөт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
 
Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, эки мамлекеттин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жетекчилиги астында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусунун протоколуна тажик тарап менен кол койгон. Документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр болгон жер тилкесин 49 жылга ижарага алган. Протокол Худжентте өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter