Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу округдар боюнча катталган 36 талапкердин арызын карады,18 талапкерди каттоодон баш тартты:
Кеңешбек Жаналиев, № 22 Жайыл шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн. Анын жогорку билими тууралуу диплому жок.
Анара Исиралиева, №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.
Шаршеналы Касенов, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн. Күрөө акчасын төлөгөн эмес.
Азамат Койчубаев, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн, күрөөнү төлөгөн эмес.
Юсупов Рустамжон, №1 Лейлек шайлоо округу боюнча депутаттыкка кандидат болуп көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.
Ильязбек Якубов, №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча талапкер болгон, күрөөнү төлөгөн эмес.
Камбарбек уулу Үсөн, №7 Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка кандидат болуп көрсөтүлгөн, күрөө төлөгөн эмес.
Төлөнбай Калбаев, №7 Ош шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн. Кепилдик төлөгөн эмес.
Максатбек Жорокулов, №7 Ош шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн, күрөөнү төлөгөн эмес.
Муртазлы Козубаев, № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча депутаттыкка кандидат болуп көрсөтүлгөн.
Маматурайым Кадырбердиев, №11 Алай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн, күрөө төлөгөн эмес.
Уланбек Коңурбаев, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсү төлөнгөн эмес.
Камил кызы Гузел, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка депутаттыкка кандидат болуп ккөрсөтүлгөн, күрөө төлөгөн эмес.
Сазыкбай Турдумалиев, №21 Талас шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсү төлөнгөн эмес.
Бекмамат Алымбеков №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн, күрөөнү төлөгөн эмес.
Талантбек Чынтемиров, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүлгөн. Шайлоо күрөөсү төлөнгөн эмес.
Абдыш Токторов, №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн, күрөө акчасын төлөгөн эмес.
Жээнбек Искендеров, № 26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка кандидат болуп көрсөтүлгөн.