У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан "-ов", "-ова" деп жазылган фамилиялардан баш тартышууда


Тажикстанда мындан ары жаңы төрөлгөн ымыркайлардын фамилияларына -ов, -ова, -ев, -ева деген славян суффикстерди пайдаланууга тыюу салынат.

Мындай чечимди  Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алды.  Мыйзамдын негизинде мындай суффикстердин ордуна тажик суффикстерин, уул балдар үчүн -пур, кыз балдар үчүн -духт деген мүчөлөрдү колдонушат. Бул чечим жаңы төрөлө турган ымыркайларга гана тиешелүү. Жарандардын буга чейинки документтер оңдолбойт.

Ал эми Тажикстандын аймагында жашаган орус тилдүү эл үчүн тандоо укугу берилет.

2007-жылдан тарта Тажикстандын президенти фамилиядагы орус суффикстен баш тартып, андан кийин бул кадамга башка жетекчилер да барган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter