Алмазбек Орозалиев: "Мен бир нече күндөн бери балдарымды көрө элекмин, силер балдарыңар менен чогуусуңар"
- 17.04.2020, 12:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тилекке каршы бүгүн 23 адам жаман вирус жуктуруп алды. Алардын 14ү Бишкек шаарынан катталды. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев шаарда вирус жуктургандар көп чыкканына байланыштуу жарандарга өзгөчө абалдын талаптарын аткарып, үйдөн чыкпоону эскертти.
“Ар бирибиз өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын амандыгы үчүн жоопкерчиликте бололу. Мен бир нече күндөн бери балдарымды көрө элекмин, силер балдарыңар менен чогуусуңар. Ошондуктан, дарыгерлердин талаптарын эске алып, көчөгө азык-түлүк, дары-дармек алуу жана башка маанилүү муктаждык болбосо чыкпагыла деп суранат элем”, - деди комендант.