У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ: "Кытай 16 миң америкалыктын өлүмүнө, 17 миллион адамдын ишсиз калышына күнөөлүү"


АКШ бүткүл адамзатты азаптандырып жаткан коронавирус илдети үчүн Кытайды катуу жазага тартууну сунуштады. Бул тууралуу америкалык белгилүү саясатчы Линдси Грэм жазып чыкты. Анын айтымында учурдагы кырдаалга бир гана күнөөлүү Кытай мамлекети.

"Биз Америкадагы азыркы абалга Трампты күнөөлөбөйбүз. Биз бул абалга Кытайды күнөөлөйбүз! Кытай 16 миң америкалыктын өлүмүнө, 17 миллион адамдын ишсиз калышына күнөөлүү" , - дейт саясатчы.

Ошондой эле кытайлыктар өз айыбын билип, жалпы дүйнө элин бул кыйынчылыктан сууруп чыгуу кадамына киришүүсүн талап кылыш керектигин айтты. Мындан сырткары Кытай башкаларга берген карыздарынын жарымын кечүүсү керек дейт саясатчы. Анын айтымында мынчалык масштабда вирусту жайылтпоого Кытайдын толук мүмкүнчүлүгү бар болчу, ага карабай бүт дүйнөгө жайып жибергени душманчылык катары бааланууга тийиш экенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter