Жээнбеков: «Эпидемиологиялык абал жакшырып баратат, бирок кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт»
- 22.08.2020, 15:03,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
«Илдет басаңдады. Өкмөт да эскертти. Мындан ары илдетти жайылтпоо ар бир жарандын коомдук, социалдык жоопкерчилигинде, кайдыгер болбоңуздар дейт элем.
Ар бирибиз илдеттен өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, балдарыбызды сактаганды үйрөнүшүбүз керек.
Ар бир адам өзүбүзгө кандай мамиле кылганды кааласак, башкага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Ошондо бул илдет менен күрөштө жеңебиз.
Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Мына Европа өлкөлөрүн көрсөтүп жатышат, мисалы, Италияда, Францияда, Испанияда кайрадан ооруну жугузуп алгандардын саны көбөйүп, май айынан берки жаңы рекорд деп маалымдап жатышат.
Ошондуктан, «сактыкка кордук жок» демекчи, бул илдеттен коргонуу — ар кимибиздин өз колубузда. Буга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек»,-деди президент.