Индиядалык жаран каза болгон аялынын силикон көчүрмөсүн жасатты
- 17.08.2020, 13:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Индиянын Коппала шаарынын 56 жаштагы тургуну Сринивас Гупта 3 жыл мурда каза болгон аялынын силикон көчүрмөсун жасатып алды. Анын үйүнө конокко барган достору диванда 3 жыл мурда өлгөн аял отурганын көрүп аябай таң калышкан. Азадан азап чеккен күйөөсү өзүн ушундай жол менен алдап жатканын, чынында отурган аял аялынын көчурмөсү экенин түшүндүргөн.
Анын аялы 3 жыл мурда жол кырсыгынан көз жумган. Экөө жаңы үй салышып, эми киребиз, той берип майрамдайбыз деп кыялданып жатканда аялы кырсыктан улам каза болуп калган. Маркум үйдүн пайдубалынан тартып, ички жасалгасынан өйдө өзү ойлоп таап, ошол үйдө бактылуу карылыгын өткөрүүнү кыялданып жүргөн. Ошол себептен күйүтү күч болгон күйөөсү аялынын силикон көчүрмөсүн жасатып, той күнү төргө отургузган.