У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнир башталды!


Бүгүн, 2023-жылдын 1-июнунан 4-июнуна чейин Бишкекте өтө турган Раатбек Санатбаев менен Каба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнир башталды...

Турнирге дүйнө жүзүнөн 37 өлкөдөн келген балбандар: Австралия, Австрия, Азербайжан, Аргентина, Армения, Бахрейн, Бразилия, Венгрия, Германия , Грузия, Египет,Индия, Иордания, Ирак, Иран, Испания, Италия, Казахстан, Канада, Кытай, Куба, Монголия, Норвегия, Палестина, Польша, Румыния, Словакия, Таджикистан, Туркменистан, Турция, Узбекистан, Украина, Франция, Чехия, Эквадор, Эстония, Кыргызстан, - килем үстүндө күч сынашат. 

Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандардын “Бишкек Арена” спорт комплексинде көз жоосун алган өнөрлөрүнө күбө болобуз. Алар 55ке чейин, 60ка чейин, 63ке чейин, 67ге чейин, 87ге чейин, 97ге чейин жана 130 килограммга чейинки салмак категорияларында күрөшөт. 

Кыргызстандын балбандары 55 килограммга чейинки салмак ченинде Таалайбек Бейшенбек уулу биринчи раундда эс алып, жарым финалга чыгуу үчүн күрөштө казакстандык Йерсин Абиир менен беттешет.
 
60 килограммга чейинки салмакта Акыл Сулайманов чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө казакстандык Ернар Фидахметов менен, Балбай Дордоков казакстандык Нурсултан Базарбаев менен, Автандил Таалайбек уулу кытайлык Хаодонг Тан менен беттешет.
 
63 килограммга чейинки салмакта Дастан Кадыров жарым финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Шермухаммад Шарипжанов менен беттешсе, Баяман Каримов жарым финалга чыгуу үчүн Ернур Фидахметов (Казакстан) - Венжи Чен (казакстандык) жупунун жеңүүчүсү менен күрөшөт. (Кытай).
 
67 килограммга чейинки салмак ченинде Тынар Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын чемпиону кубалык Орта Санчес менен, Аманат Самат уулу өзбекстандык Махмуд Бахшиллоев менен, ал эми Амантур Исмаилов Токио Олимпиадасынын коло байге ээси, кытайлык Сайлике Валихан менен беттешет. Үч кыргызстандык тең чейрек финалга чыгуу үчүн күрөшөт.
 
87 килограммга чейинки категорияда 1/8 финалдык баскычта Калидин Асикеев казакстандык Азамат Кустубаев менен, Мелис Айтбеков казакстандык Бауржан Мусин менен, Азат Салидинов индиялык Кумар Сунил менен беттешет. 

97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков ирандык Мехди Балихамзеде менен, Бексултан Махмудов кытайлык Йимин Ли менен, Аркыт Орозбеков кытайлык Янан Чен менен чейрек финалга чыгуу үчүн беттешет.
 
Ал эми 130 килограммга чейинки салмак категориясында Кыргызстандын атынан чыккан балбан жок.


Пикир калтыруу
نعتبر في “الأيدي المثالية” افضل شركة تنظيف بالرياض. حيث نفخر بتقديم خدمات التنظيف عالية الجودة والاحترافية لك في جميع أنحاء المدينة. ونعمل على تلبية احتياجاتك وتحقيق توقعاتك في كل مرة.
من خلال اعتماد أحدث التقنيات واستخدام المعدات المتطورة، نوفر خدمات تنظيف شاملة للمنازل والمكاتب والفلل والمجالس والخزانات والمطابخ والحمامات وغيرها.
كما لدينا فريق من العاملين المدربين تدريبًا عاليًا وذوي الخبرة الذين يضمنون تنفيذ جميع الأعمال بدقة وفقًا للمعايير المهنية.

  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter