Акжол Махмудов менен Жоламаг Шаршенбеков Болгарияда өткөн турнирде алтын медалга ээ болушту
- 06.03.2023, 11:35,
- Спорт / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн Dan Kolov-Nikola Petrov атындагы эл аралык рейтингдик турнирде алтын медалга ээ болушту.
Махмудов (77 кг) турнирге 1/16 финалдан бери катышып келет. Ал төрт спортчуну жеңип, финалга чыкты.
Финалдык беттеште ал армяндык балбанды 1:1 эсебинде жеңди (ким акыркы упайга ээ болсо, ошол жеңет).
Жоламан Шаршенбеков (60 кг) 1/8 финалдан күч сынашты. Финалда ал поляк балбанын ийнине салып, таза жеңишти камсыздады.