У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте чоң футбол борбору курулат


 Бишкекте чоң футбол борбору курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун конгрессинде анын мурдагы президенти Канатбек Маматов билдирди.
 
Анын айтымында, борбордун түштүк тарабында - Токомбаев көчөсүнүн артында 80 гектар жер бөлүнгөн. Бул максаттар үчүн профсоюздун акчасы бар экени белгиленген. Бирок ал комплексти курууга канча каражат талап кылынарын так айткан жок.
 
Канатбек Маматов ошондой эле бүгүн Футбол союзунун президентинин ыйгарым укуктарынан баш тартканын баса белгиледи.
 
«Мен Жогорку Кеңешке шайлоого бара жатам. Эгер өтсөм, улуттук футболго жардам бере алам. Кайда болбоюн спорттун бул түрү менен дайыма байлынышта болом», - деп жыйынтыктады ал.
 
Анын кызматтан кетүүсүнө 27 делагаттын 24 макул, үчөө каршы добуш берди. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter