У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова: Эки алтын, бир коло биздин команда үчүн мыкты жетишкендик


Ошентип кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги WrestleOslo биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик. Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Урматтуу достор! 
Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги WrestleOslo биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик.
 
Ал эми кыргызстандыктар мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.
 
Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык айтам.
 
Кыргызстандыктарга жана жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим этем.
Урматым менен, Айсулуу»,-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter