У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекованын атаандашы Юкако Кавай дүйнө чемпионатына келбейт


 Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат.
 
Турнир Ослодо 2-10-октябрда өтөт.
 
Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султанда (Казакстан) утуп алган 62 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук титулун коргойт.
 
Бул салмакта учурдагы Олимпиада чемпиону, япониялык Юкако Кавай Дүйнө чемпиондугуна келбейт. Ал Токио оюндарынын финалында Тыныбекованы утуп алган. Анын ордуна кадеттер арасында Азия жана дүйнөнүн чемпиону, 2018 -жылкы жаштар олимпиадасынын жеңүүчүсү Нонока Озаки 62 кг салмакта Япониянын атынан Норвегияда күч сынашат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter