У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акжол Махмудов: Өлкөбүз өссүн, кийинки Олимпиадага жакшы шарттар түзүлсүн


 Бул биздин жалпы жеңишибиз. Бул тууралуу 23 -августта президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы сыйлык тапшыруу аземинде Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов айтты.
 
Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
 
«Биздин мекенибиз өнүгүп-өссүн. Алдыдагы Олимпиадага мындан да жакшы шарттар түзүлсүн. Келерки Олимпиадада бизге тарыхтагы биринчи алтын медаль болот деп ойлом», — деди ал.
 
Бүгүн, 23-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Олимпиада оюндарында байге алган спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи өтүп жатат.
 
Акжол Махмудовго 10 млн сом акчалай сыйлык жана унаа белек кылынды. Мындан тышкары ал II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter