У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы же карьерасын жыйынтыктайбы? Айсулуунун жообу…

 
 Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова 3 жылдан кийин өтө турган Париждеги кийинки Олимпиадага барабы -жокпу азырынча чечим кабыл ала элек. Ал бул тууралуу бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 
 
Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ал Олимпиадага алтын медаль алам деген тилек менен барганын, бирок азыр күмүш медаль бар экенин, кийинки Олимпиада тууралуу айтууга азырынча эрте экенин айтты.
 
"Мен Токиодогу Олимпиадага алтын медаль алам деген тилек менен баргам. Бирок кудайдын буйругу менен күмүш байгеге ээ болдум. Келерки Олимпиада тууралуу азырынча жооп бере албайм. Анткени командабыз, машыктыруучулар менен кенен отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Убакыт өтсө, өзүбүзгө келип алып, андан кийин гана кеңешип туруп чечим кабыл алабыз деп ойлойм. Ошондон соң мекендештериме жообун айтам. Кыргыз элим менден жооп күтүп жатканын билем", — деди Тыныбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter