У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбан кыз Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, Олимпиадага жолдомо алды


Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө. 

Эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашкан ата мекендик спортчу Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту. Кыргызстандын балбан кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана монголиялык балбан кыздар менен кармашып, баарын 10 упай айырма менен утуп, өз салмагынын чемпиону болду. Муну менен ал Токио Олимпиадасына лицензия алууга жетишти.
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter