У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалда өтчү мелдешке катышат


Кыргызстандын футболдук союзу өлкөнүн жаштар (U-23) командасынын курамын жарыялады. Алар бүгүн Непалда башталуучу "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышат.
Командага 23 жашка чыга элек футболчулар кирди.
 
Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча жүрүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Эки мыкты команда финалда ойнойт. Беттештердин баары Катманду шаарындагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өтөрү белгилүү болду.
 
"U-23 курама команда быйыл Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Ошондуктан биз аны сынап көрүүнү чечтик. Мындай мелдештер команданын тактикалык жана практикалык жактан даярдыгы үчүн маанилүү. Бул Олимпиада оюндарына тандоого таасирин тийгизбеген жергиликтүү турнир", — деп айылат КФСтин маалыматында.

Нурбек Жолдошев башында турган машыктыруучулар штабы мелдеште ойноочу курамды аныктады.
Дарбазачылар:
  • Эржан Токотаев ("Алга");
  • Артем Прядкин ("Илбирс");
Коргоочулар:
  • Камолиддин Ташиев ("Абдыш-Ата");
  • Жаныбек уулу Аманжан ("Алга");
  • Кумарбай уулу Баяман ("Дордой");
  • Тимур Мажидов ("Нефтчи");
  • Аброр Аскаров ("Нефтчи");
  • Бакыт уулу Султан ("Абдыш-Ата");
  • Эрлан Маширапов ("Алай");
  • Бейбарс Абдрахманов ("Алга").
Жарым коргоочулар:
  • Темирболот Тапаев ("Алга");
  • Тимур Ороз уулу ("Каганат");
  • Эрназ Абилов ("Дордой");
  • Гулжигит Бөрүбаев ("Дордой");
  • Амир Жапаров ("Абдыш-Ата");
  • Айдар Ажымамбетов ("Алай");
  • Келдибек Талантбек уулу ("Алай");
  • Ислам Межитов ("Абдыш-Ата");
  • Данил Артюков ("Алга").
Чабуулчулар:
  • Максат Алыгулов ("Абдыш-Ата");
  • Маматзия Жолдошев ("Дордой");
  • Рыскелди Артыкбаев ("Дордой").
КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter