У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ноорузга карата өткөн Көк-Бөрү оюнунда нааразычылыктар чыкты


Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамынын урматына Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда ат оюндары өттү. Анда Ош облусунун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары кездешти.

Оюнда "Достук" командасы атаандаштарынан жеңилип калышты, бирок жетекчиси Кыяз Ниязов финалдык беттештин үчүнчү бөлүгүндө каршылаштары салган акыркы улакты негизсиз деп эсептейт.

"Бүгүнкү оюнда толугу менен калыстардан кетти деп айта алам. Муну бир эле "Достук" командасы эмес, элдин баары айтып жатат. Биз 4:3 болуп турганда Эламан ("Ынтымактын" оюнчусу — ред.) улакты алгандан кийин чийинден чыгып кеткен. Ошол учурда капталдагы калыстардын бирөөсү жыгылып калды, экинчиси оюнду токтотууга байрак көтөргөн. Жыгылып калган калыс муну танып, "мага айтып келген жоксуңар" деп жатат. Биринчи калыс байрак көтөргөнүн мойнуна алды, бирок "менин күчүм жетпейт, чечип бере албайм" деп жатат. Андан кийин балдардын деле маанайы түшөт да. Калыс тартып жатканда оюн башкача кетет", — деди Ниязов.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter