У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты башталат


Бүгүн, 15-мартта, футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезону башталат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. 

Жаңы сезондун биринчи турунун алгачкы оюнунда Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу менен "Кара-Балта" командасы беттешет.

Ал эми калган оюндар 16-мартка белгиленген. Анда "Алга" – "Илбирс", "Дордой" — "Нефтчи" жана "Алай" — "Каганат" беттештери болот.Быйыл өлкө чемпионатына 8 команда катышат. Алар: Бишкектен "Дордой", "Алга" жана "Илбирс", Оштон "Алай" жана "Каганат", Кант шаарынан "Абдыш-Ата", Жалал-Абаддан "Нефтчи" жана Кара-Балта шаарынын "Кара-Балта" командалары.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter