У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт


Бишкекте 14-майдан 25-майга чейин "Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу — 2021" мелдешинин тайпалык этабынын оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.
 
"Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстандын чемпиону "Дордой" клубу Е тайпасына түшкөн. Бишкектик команда Тажикстандын кубогунун жеңүүчүсү "Равшан" жана Түркмөнстандын вице-чемпиону "Ахал" клубдары менен ойнойт. Борборлоштурулган мелдеш 14-20-май күндөрү Бишкекте өтөт", — деп айтылат маалыматта.
 
Кыргызстанда акыркы расмий оюн 2019-жылы болгон. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония жана Тажикстан менен кездешкен. Пандемияга байланыштуу өлкөдө башка эл аралык оюн өткөн эмес.
 
КФСтин маалымат кызматы графикте өзгөрүү болушу мүмкүн экенин эскертет.
 
Ал эми Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү "Алай" ойной турган F тайпасынын беттештери Душанбе шаарына белгиленген. Оштун командасы Тажикстандын "Худжанд", Түкмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" жана Өзбекстандын (азырынча аныктала элек) командасы менен таймашат.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter