У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандын жаачылары Өзбекстандагы эл аралык турнирге катышууда


Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама командасы Өзбекстандагы эл аралык Alpomish va Barchinoy мелдешине катышууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Ташкент шаарында кечээ, 22-февралда, башталган мелдеш 27-февралда жыйынтыкталат.

Турнирге өлкө атынан Асел Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Жибек Канатбек кызы, Азим Осмоналиев, Диана Канатбек кызы катышууда. Аларды башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов коштоп кеткен.Намыс талашып жаткан спортчулардын эл аралык класстагы спорт чебери жана КРдин спорт чебери наамдары бар.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter