У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


3-алтын!!! Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогунда алтын медалга ээ болду!!!


Кыргызстандык спортчулар Дүйнө Кубогунда 3-алтынды тагынды. Кечээ, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алган.

Анда мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште чехиялык Адэла Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңип, Дүйнө Кубогунда алтын медалга ээ болду.

Ошентип кыргыз спортчулары Дүйнө Кубогунда 3-алтын медаль тагынышты. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter