У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азия чемпионаты: Айсулуу алгачкы беттешинде жеңилди


Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы беттешинде эле жеңилди.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгачкы кармашында эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Беттешиндин жүрүшүндө 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон балбаны көтөрүп чаап, ыкмасына таянып жеңишти илип кетти.

Айсулуу Тыныбекова менен жапон балбаны Юкака Каваи былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында беттешип, чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткен болчу.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет Азия чемпиону атыккан.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter