У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионаты өтөт


Булл туурасында, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов: “Кыргызстанда биринчи жолу шайба менен ойной турган хоккей боюнча Дүйнө биринчилиги өткөнү турат. Бул мелдеш биздин календардык планга кирген. Федерация менен биргеликте даярдык иштери жүрүп жатат. Келе турган кошуундарды тосуп алуу, командаларды жатаканадан муз аянтына андан жатаканага ташуу, муз аянтынын ижара акысы, мелдештин ачылыш жана жабылуу аземи, мелдешке ыктыярчыларды камсыз кылуу сыяктуу чыгымдарды дирекция камсыздайт. Бизге тиешелүү тапшырмаларды толугу менен аткарабыз”, – деп билдирди.
Шайба менен ойноло турган хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионатында Малайзия, Кувейт, Филиппин жана Кыргызстандын курама командалары күч сынашат. Командалар ич ара ойноп чыккандан кийин топтолгон упайлардын жыйынтыгы менен биринчи орунду камсыз кылган команда Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноо мүмкүнчүлүгүн алат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter