У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зайнидин Курманов, профессор: “Ата Мекен” партиясынын “Жаңы дем” программасы актуалдуу, чындыкка жакын"


- “Ата Мекен” партиясы шайлоо алдындагы “Жаңы дем” программасынын үстүнөн өтө олуттуу иштеген. Реформалык багыты - заманбап, актуалдуу, эң негизгиси чындыкка жакын. Мындай пикирин саясат талдоочу, профессор Зайнидин Курманов аналитикалык макаласында жазды. Ал жарышка аттанган партиялардын программаларын талдаган.  

Курмановдун айтымында, “Ата Мекендин” программасындагы дароо көңүлдү бурган жери – өкмөттүн алдында реформаларды башкарган органды – өлкөнүн “мээсин” түзүү сунушу. 

“Бүгүнкү күнгө чейин жарандык коомдон сырткары эч ким реформалар менен алгылыктуу алектене элек. Реформаларды жүргүзүү тиешелүү мекемелерге жүктөлүп, алар коррупцияны, бюрократизмди күчөткөн, иш натыйжасыз болгон. Реформаларды ишке ашырган түр көрсөтүп жүрүшүп, эми баарын кайра башынан баштоого туура келип жатат. “Ата Мекен” ушул идеясын ишке ашырса, Кыргызстанда эл үчүн революциялык реформаларды жасоого чыныгы мүмкүнчүлүк пайда болот», - дейт профессор. 

Курманов кошумчалагандай, “Ата Мекен” “реформаларды башкаруу органын  президенттик аппаратта же парламентте эмес, өкмөттүн алдында түзөбүз” деп туура белгилеген. Анткени өлкөнүн бүт чарбасына жооптуу болгон өкмөт жарандык коом, бизнес жана эксперттик топтор менен түздөн-түз иштейт. 

Зайнидин Курманов “Республика” партиясынын президенттик институтту жоебуз деген сунушун сынга алган. 
“Өздөрүн жаратман деп көрсөтүп келген “Республиканын” лозунгдары таң калтырды. Аны жоёбуз, муну жоёбуз. Өлкө бузуучулардан тажады. Партия “президенттик кызматты” жойгусу келип жатабы? А ким мыйзамдарга кол коет, өлкөнүн атынан ким чыгат? Спикер – парламенттин башчысы, премьер – өкмөт башчысы. А мамлекеттин башчысы ким болот? Бүткүл дүйнөдө суверендүү өлкөлөрдүн атынан же монархтар, же президенттер чыгышат. Президент бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң туруктуу саясий фигура. Аны алып таштаса, өлкөдө башаламандык башталат”, - дейт Курманов. 

“Ата Мекен” партиясы болсо президентти өз ордуна коюп, ыйгарым укуктарынан ашпай турган кылабыз деген сунуш менен чыгууда.

“Премьер-министрге жеке жоопкерчилик, өкмөткө бийлик, ал эми президент болсо соттун ишине аралашпаган калыс арбитр болот”, - деп айтылат “Ата Мекендин” программасында.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter