У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Ата Мекендин” үгүт кербени Таласта старт алды

 
“Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Талас облусунан башталды. Партиянын Жанар Акаев баштаган өкүлдөрү менен жергиликтүү тарапташтары алгач “Манас-Ордого” зыярат кылып, куран түшүрдү. Андан соң шайлоочулар менен жолугушуу өттү.
 
Архитектуралык комплекс гана эмес, улуу журттун мамлекеттүүлүгүнүн символу. “Ата Мекен”  үчүн биримдик, мамлекеттин бүтүндүгү негизги баалуулук экенин Өмүрбек Текебаев 17-августта Бишкектеги “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөр аллеясында” өткөн партиянын кезектеги XIII курултайында баса белгилеген. Өлкөнүн мындан аркы тагдыры жаштардын колунда деген Өмүрбек Чиркешович “Дүйшөнкул Чотонов, Асия Сасыкбаева баш болгон партиянын аксакалдары парламенттик шайлоого катышпай” турганын жарыялаган. 

Шайлоого аттанган “Ата Мекендин” жаңыланган курамы, жаңы тарыхты жаратуучулар – Жанар Акаев, Эльдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Абдывахап Нурбаев жана башкалар.  Алар алгач «Манас-Ордо» комплексинде жергиликтүү эл менен учурашып, андан соң ата-бабаларга багыштап куран окулду. Аксакалдар “алдыдагы шайлоо тынч өтүп, журтубуз эсен болсун, “Ата Мекендин” жолу ачык болсун” деп бата беришти.   Андан соң атамекенчилер Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрдын алдында эл менен жолугушту. 

“Алдыдагы беш жыл биз үчүн чечүүчү боло тургандай. Капчыктуулар менен шылуундардын парламентинин бизге кереги жок! Бизге патриоттор менен профессионалдардан турган, чындык менен кошо маселени чечүү жолун айта турган эл өкүлдөрү керек. Эл үчүн иштеп, мамлекетти кризистин сазынан чыгара турган Өкмөттү күчтүү парламент гана түзө алат. Парламенттин сапаты сиздин добушуңуздан көз каранды. Мен бул ирет элибиз жаңылбайт, туура тандоо жасайт деп бекем ишенем. Урматтуу элим, арзыбаган акча үчүн өлкөнүн тагдырын садага чаппайлы! Кыргызстанга жаңы дем керек”, - деди Жанар Акаев элге кайрылуусунда. 

Талас эли атамекенчилерди жылуу маанайда кабыл алып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. «Кыргызстандын жаңы демин Жанар Акаев баштаган команда ача аларынан шегибиз жок. Уучубуз куру эмес, өлкөбүз өнүгөт», - деп аксакалдар алкоосун билдирди. 

Таластагы эки күндүк сапардын алкагында “Ата Мекен” партиясын түптөгөндөрдүн бири, ушул жылдын июль айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Болот Шер-Нияздын туулган айылына зыярат, бир катар аймактарда  жолугушуулар өткөрүлөт. Андан соң үгүт кербени өлкөнүн бардык дубандарын түрө кыдырат.  
 
 Даярдаган: ЖЧК "Дүрбү",  Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 44

Буйрутма: “Ата Мекен” ССП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К. Кулжанова тарабынан төлөндү
Чыгарылган күнү: 04.09.2020 ж. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter