У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башыда эл логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыгышты…


17-февралда Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп, борбордун курулушу боюнча токтомду жокко чыгарышын талап кылышты. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн бири:
«Бул токтом 2020-жылдын 28-февралында жокко чыгарылбаса Ак үйдүн алдында президент Сооронбай Шариповичти жоопко тартуу маселесин көтөрүүгө чакырам», - деп айтты.
Акцияга 2 миңден ашык киши катышып Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоевди сүйлөтпөй коюшту. Жыл башынан бери логистикалык борборго каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келе жатат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-февралда парламентте сүйлөп жатып, «Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес, элди социалдык тармактардагы 20-30 киши эле дүрбөтүп жатат» деп айткан. 
Мына эми ким калпычы экени билинип отурат. Айыбы ачылган Абылгазиев эми эмне дээр экен?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter