У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Абышка мэр» Бишкектин кунарын качырды, элди жүдөттү…


Бишкек шаарын Эмилбек Абдыкадыров деген "абышка мэр" башкаргандан бери, бийликтеги төбөлдөр ооздорунан түшүрбөй мисал кылгандай, 30 жылдын ичинде шаар тургундары мынчалык жүдөбөсө керек.

Дегенибиз, шаардын бир катар аймактары жуунганга, ал түгүл ичкенге суусу жок калышты. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар туалетке бара албай кыйналышты. Бул маселе дагы деле чечилбей турат. Айлап суусуз калат деген кордук, чындап отуз жылдан бери боло элек эле.
 
Өкүнүчтүүсү, жайында суусуз акактаткан "абышка", шаар тургундарын кышында жылуулук бербей, көмүрсүз калтырып суукка тоңдурбаса болду дешип кыжалат болгондор көп. Себеби, быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз. Бишкек ТЭЦине бир тоголок көмүр түшө элек. Кышка даярдык жүрүп жатканы байкалбайт. Андыктан, шаар эли жайында суусуз калышканы аз келгенсип, кышында ыш-түтүнгө басылып жылуулуксуз калышса, абышка мэр жоопкерчилик тартабы? Же «Батуми» чырындагыдай орун басары Нурдан Орунтаевди «салып берип» коюп, өзү суудан кургак чыгабы?

Деги эле Бишкектин көркү кетти. Бак-дарактар оңдуу сугарылбай саргайып, гүлдөр куурап, таштанды убагында чыкпай чирип, жыттанып, сасып шаардын кунары качты. Бир гана мэр Абдыкадыров көрбөй, укпай жатабы, же иштегенге энергиясы калбай шалдырап отурабы, айтор шаардын ишпалдасын чыгарып бүттү. Ушундай кадрлар менен анан кантип өлкө оңолот? 


Пикир калтыруу
  • kkkk
  • 14-08-2023, 13:58
  • : 13:58
    • Нравится
    • 0
Avec le développement de répliques de montres Rolex, un grand nombre replique montre de luxe de citoyens sont devenus obligés d’acheter Rolex montre replique maintenant. replique Vacheron Constantin Le fait est qu’ils sont très bien des accessoires de mode de base pour les hommes et les femmes. Ils ont des conceptions transparentes et les formes gravées que ce que vous pourriez imaginer. Ils sont des montres résilients et inébranlables. Ils sont incroyablement accessoires de mode inégalables replica Richard Mille et transparents. Ils sont très à la mode, ainsi que des accessoires très verticaux.
  • Angel17
  • 03-09-2023, 18:58
  • : 18:58
    • Нравится
    • 0
Very Informative and well-shared blog. Keep posting. Deck Builder Holly Springs NC 
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter