У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрмек Маркабаевди казак укук коргоо органдары "подстава" кылышып камакка алышкан...


Кыргыздын мекенчил мыкты жигиттеринин бири Маркабаев Эрмек Карасаевичти Алматыда казактын укук коргоо органдары, ал жетектеген базарды тартып алуу максатында "подстава" кылышып камакка алышты! 
 
Ал тээ жаш кезинен тартып казак жергесинде "Алтын-Орда" базарын түптөлүшүнө салым кошуп,  ак эмгегин кылып келген. 2011-жылы Алматы калаасындагы "Алтын-Орда" базарынын ээси, Эрмек Маркабаевдин жездеси Алтынбек Альпиевди өлтүрүп кетишкен. Андан соң базарды рейдерлик жол менен тартып алышкан. Ошондон соң Эрмек мырза Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон. 
 
Кыргызстанда "Сары-Өзөн" базарын ачып иштейм дегендерге шарт түзгөн. Бир жылдан бери Эрмек Маркабаев Алматыда "Алтын-Орда" базарына кайрадан түптөп, дүңгүрөтүп иштетип жаткан. 
 
Аны кечээ жакында "Алтын-Орда" базарынын талашы үчүн, акылга сыйбас жагдайлар менен кармап кетишкен. Кандай болсо да кыргыз азаматын, татыктуу уулунун укугу тебеленип, көз жаздымда көп жылдык эмгеги унутулуп, жаманатты кылгысы келгендердин максаты Маркабаев гүлдөтүп койгон базарды кайрадан тартып алуу планы иштеп жатканы көрүнүп турат. 
 
Маркабаевди кармоо учурунда "подстава" кылып, ага баңгизатты салып жатканы боюнча видеодо баары айкын көрүнүп турат. Андыктан, бул боюнча акыйкат иликтөө жүрүш керек.
 
Анткени, Алматыданы «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаевдин кармалышы боюнча казак сегментинде  “подстава” болгону тууралуу алматылыктардын пикирлери байма-бай жарыялана баштады.
 
Анда жөн жай тургундар ишкерди кармоо учурунда күч структарысынын кызматкерлери анын унаасына атайылап баңги затын салып коюшкандыгы, бул анын ишкерлигине байланыштуу болгону айтылып жатат. 
 
Чынында эле Эрмек Маркабаевдин кармалышы боюнча бир канча күмөндүү жагдайлар бар. 
 
Биринчиден, аны кармоо учурунда көлөмү ширенкенин кутусундай болгон ак пакетти ошол оперлердин бири чөнтөгүнөн алып чыгып жатканы капыстан кармоого күбө болуп калган айымдын телефонуна түшүп калганын көрүүгө болот. Анда күбө айым азыр эле анын көзүнчөадамды оперативниктер "подстава" кылып, ага кайсы бир затты кармоо учурунда салганын айтып жатат. 
 
Экинчинчиден, анын кармалуусу боюнча расмий ички иштер же коопсуздук органдары маалымат берүүдөн дээрлик жарым сутка кармалганы эмнени каӊкуулайт?
 
Үчүнчүдөн, казакстандыктар "тик-ток" аркылуу Эрмек Маркабаевди кармоо учурундагы видео “Казахстанда Алтын-Орда базарын басып алган кыргыз мафиясынын бастыгы усталды” деп чагымчылдык мүнөздөгү тема менен жайылтылат. Бул албетте эч бир чындыкка коошпогон, эки элдин кастыгын ойготкон, чагымчыл мүнөздөгү атайын жасалган маалыматтык чабуул экени айдан ачык.
 
Андыктан, Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери, тиешелүү укук коргоо органдары дагы бул ишке кайдыгер карабастан, кыргыздын мекенчил жигитин жаманатты кылдырбай укуктук көмөк көрсөтүп, бошотуп келиши парз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter