У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вице-мэр Орунтаев “кызматтан кетемби-кетпейминби сиз чечпейсиз” деп депутатты какты...

 
Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары “Батуми” кафеси боюнча, вице-мэр Нурдан Орунтаевден эмнеден улам кафени бузуу чечимин кабыл алганын талкууга алышты. 

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Жаныбек Асанбеков Орунтаевдин маегинде атактуу болгусу келгенин айтканын укканын белгилеп: “Эгер атактуу болом десең, анда Эмен сейил багындагы Фрунзе ресторанын, Панфилов атындагы сейил бактагы Тюбетейканы, Ак үйдүн артындагы 5 кабаттуу үйдү бузуп сал. Эл сени колдойт деп ойлойм. Акыркы жолу ЖКнын тосмосун бузуп салгансың. Эл сени мактады», - деп какшыктады. 

Андан соң Асанбеков Орунтаев Батуминин кожоюндарына компенсация төлөп берүү үчүн 3 миллион сомду кайдан ала турганын сурап, акыркы 10 жыл тергөөчү болуп иштегенин эске салды.

Орунтаев тергөө органдарынын чечимине эч ким комментарий берүүгө укугу жок экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.
Асанбеков ошондой эле Орунтаевдин бул жаңжалдан кийин вице-мэрликтен кете турганын сурап, «аны сиз чечпейсиз» деген жооп алды. 
"Мен кетемби же кетпеймби, бул менин жеке чечимим болот. Аны сиз чечпейсиз. Эгер андай чечим болсо, биринчи кезекте сиз билесиз", - деп жүнүн үрпөйттү. 

Эске салсак, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичирайонунда жайгашкан «Батуми» кафесин бузуп салган. Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган жана мекеменин ээси бардык уруксат кагаздары бар экенин айтууда.

Мекеменин ээсинин юристтери вице-мэр Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин, ал Садыр Жапаровдун уулунун атын да колдонуп жүргөнүн айтышкан.

26-майда "Батуми" кафеси бузулгандан кийин Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону белгилүү болду. УКМКнын маалыматы боюнча, чиновниктер легалдаштыруу механизми бар болсо да, кымбат инвестицияны эске алуу менен аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга мүмкүнчүлүк бербей, оор техниканы колдонуу менен башка бирөөнүн мүлкүн талкалап, жок кылышкан. Ошондой эле, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Орунтаевге карата иш козголгонун, чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилгенин билдирген. 

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын депутаты Максат Алымбеков вице-мэр Нурдан Орунтаевге Бишкек мэриясы документи жок объектилерди бузуу боюнча кырдаалды мындан ары кандай чече турганын сурады.

Алымбековдун айтымында, документи жок иштеген ишкерлер бар. Бирок "Батуми" кафеси менен болгон жаңжалдан кийин эки тараптуу кырдаал жаралган.

«Менин укканым боюнча, сиз Батумини бузуп баштаганда, буга чейин каршы болуп келишкен мыйзамсыз курулган объектилердин ээлери вице-мэр менен тамашалашканга болбойт экенин түшүнүшүп бузууга макул болушкан. Эми анын баары токтоду, эртең эмне болот? — деп сурады депутат.

Орунтаев: «Биз кандай иштесек, ошондой иштей беребиз. Эч нерсе өзгөргөн жок”, - деп жооп берди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter