У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ишмердүүлүгү шектүү Кубанычбек Жумабековдун кысым менен күмөндүү шайланганы нааразычылык жаратты...


2023-жылдын 18-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин отчеттук-шайлоо конференциясы болуп өттү. 

Жыйында "Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2017-2022-жылдар аралыгындагы ишмердүлүгүнүн отчетун" угуу жана "Кесиптик бирлик комитетинин төрагасын жаңы беш жылдык мөөнөткө шайлоо" маселесинде мыйзамсыз аракеттер болгону айтылып, нааразычылыктар орун алды.

Биринчи маселе боюнча бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков чыгып сүйлөп, 2017-2022/23 жылдар аралыгындагы КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчет берген.

Бирок Кубанычбек Жумабековдун отчётуна жыйындын катышуучулары канааттанбай, "маданий, спорттук иш-чарага 5 миллион сом кетти" дегенине эч ким ишенген эмес. 

Бирок ошого карабастан, буга чейин кандай жумуштар жасалганын, кийинки 5 жылдык мөөнөткө кандай иштерди аткара турганы боюнча эч планы жок эле Кубанычбек Жумабековдун бүдөмүк түрдө кайра кийинки 5 жылдык мөөнөткө шайланып калганы нааразычылык жаратты. 

Айрымдар ачык эле: "Мындай ыплас шайлоону көргөн эмесмин. Уят деле жок экен. Буга чейинки сарпталган 5 млн сомдун кайда кеткенин толук айта алган жок. Маданий-спорт иштерине 5 миллион сом  кетти деген жалган. Университетте акыркы 5 жылда 5 миллион сомдук маданий, спорттук иш-чара болгон жок. Сайтка интернетке акча котордук дегени да калп. Кайсы интернет? Кайсы сайт?..", - дешип ошол акчалардын туура колдонгону күмөн, шек жаратаарын жазышты. 

Мындан улам, Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагалыгына өз кандидатураларын коюшкан 4 талакердин ичинен үчөө Молдогазиева Светлана Бейшеевна, Абыкеев Мурат Мыктыбекович, Кушубеков Алымбек Тынысбекович шайлоонун таза эмес, басым-кысым менен ыплас өтүп жатканын байланыштуу өз талапкерлигин алып салышты. 

Анткени, шайлоо жабык өтсүн, ошондо калыстык болот деген талап аткарылбай, жыйынга декандар аралашып, ар бир факультеттен делегат болуп келген кызматкерлерге кысым кылышып, ким шайлап, ким шайлабай коёрун көзөмөлгө алыш үчүн шайлоону ачык өткөрүшкөн. 

Буга байланыштуу География, экология жана туризи факультети, 
Кыргыз экономикалык факультети, 
Кесиптик колледж, Тарых факультети, Ююридика институтунун өкүлдөрү шайлоого катышпай, "протест" кылышып жыйынды таштап чыгып кетишкен.

Ушунтип бармак басты, көз кысты кылышып, жең ичинен ымалашып, көз көрүнө басым, кысым кылган жерде кантип өнүгүү болот? Кыргызстандагы университеттердин көч башы болгон КУУнун кедеринен кетип жатканы ушундай ыплас иштердин кесепетинен болуп жатат да.


Пикир калтыруу
Bravo!  Your selection of the biggest web slots is a game-changer.  สล็อตเว็บใหญ่ที่สุด
Are there any  specific brands or types of slots that you've found to be more durable?  เว็บสล็อตแตกง่าย
Introductory You got a great blog .I assurance be engaged with in addition to uniform minutes. I see you got really extremely practical issues , I assurance be continually checking your blog blesss.  รวมสล็อตทุกค่าย
For some individuals this is critical, so look at my profile:  เกมสล็อตโรม่า

The most intriguing content on this fascinating point that can be found on the net ...  ป๊อกเด้ง ออนไลน์
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter