У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков: "Президентке аба дегидей кайнагаң эмес да..."


Учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан, алфавитке "W" тамагасын киргизүү,  кириллицадан латын тамгасына өтүү, тарыхый жер-суу аттарын адам аттарына которуу тууралуу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Рыскелди Момбеков менен баарлаштык...

- Рыскелди Чыныбекович, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президентке кайрылыш үчүн алфавитке "w" тамагасын киргизүү демилгесин көтөрдү. Ушул маселеге кандай карайсыз?

- Таптакыр туура эмес. Депутат айтып жатпайбы, президентке кайрылыш үчүн, бир тамганы киргизишибиз керек, аба дегенде айтылышы, жазылышы туура эмес болуп калат экен дегенди... 

Негизи президентке кайрылыш керек болсо, Садыр Нургожоевич, же Урматтуу президент деп кайрыласың. Анан аба дегидей, президент кайнагаң эмес да. Кайрыла бер, үйүңдө, той-топурда, ал эми иште, мамлекеттик кызматта кайрылгандын расмий өзүнүн эрежеси болот. 

Кызыгы, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкери депутатка "туура айтып жатасыз, бул демилгени карап чыгалы" дегенди айтып жатат. Эми бул эмне деген акмакчылык. 

Аба деген сөз бир чөлкөмдө коллонулган диалект  эле. Жети обулуста колдонулбайт. Көл менен Баткенде эле айтышат. Таласта аба десең таң калышат. Анан, ака, аке, байке, аба, бапай деп кайрылыш үчүн өзгөртүү киргизе беришибиз керекпи? 

Негизи диалект үчүн өзүнчө тамга киргизиш керек деген туура эмес. Бул эл өкүлү айта турган, көтөрө турган маселе эмес болчу. 

Илгери, СССРдин учурунда ашкере кошоматчылар "орустар кыргыз деп айта алышпай, киргиз деп жатышат, аларды кыйнабай, "ы" тамгасын алфавиттен алып эле салалы" деген жыйын өтүп, сунуш колдоого алынып өтүп кете турган болгондо, айтылуу Мидин Алыбаев суроо бериптир, "ушул жыйындар залына сыгылып кирдик, "ы" тамгасын алып салсак, кантип чыгабыз" деп, бир суроосу менен кошоматчыларды мык каккандай кагып, маселе күн тартибинен алынып токтоп калыптыр. Андыктан кошоматтын дагы чеги болот да. 

- Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Эмил Токтошев кириллицадан латын тамгасына өтүү тууралуу сунуш айтты. Бизде ушуга муктаждык барбы?

- Биринчи муктаждыгын айтыш керек болчу. Кириллица мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, деги эле өлкөнүн өнүгүүсүнө эмне зыян, тоскоолдук жаратып жатат? Латын алфавитине өтсөк эмне өзгөрөт, кандай жетишкендик болот, пайдасы эмне деген суроолордун жообу болууга тийиш. 

Латын тамгасына өткөн Түркмөнстан, Өзбекстан кандай кыйналып жатканын айтпай эле коёюн, Казакстан 2017-жылы Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен латын алфавитин кабыл алышкан, бирок бүгүнкү күнгө чейин 6 жыл болду ишке ашпай жатат. Азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен 2031-жылга чейин жылдырып салды. Анткени, маселе көп. Казактардын тамагасы 42, латын тамагасы 26 эле жаңылбасам. Ортодо канча тамга, тыбыш жоголуп жатат. Алардын ордун толуктап, орфографияны жазуу эрежесин кайрадан иштеп чыгуу керек. Кийинки муун кириллица менен жазылган илимий, көркөм, маданий эмгектерди окуй албай калышат. Бизде дагы дал ушундай көйгөй жаралат. 

Натыйжада, экинчи жагдай финансылык, экономикалык мүмкүнчүлүк жетеби деген көйгөй жаралат. Ошол кириллица менен менен 80 жылдан бери чыгып келе жаткан көркөм адабий мурастарды, илимий, техникалык, медициналык, тарыхый эмгектерди кайра латын алфавити менен жазып, которуп басыш үчүн... Буга мамлекеттин чач-кирпиги чак келбейт. Баары архивке кетет. Кийинки келечек муун өткөн тарыхый, маданий, адабий, илимий баалуу мурастарыбыз менен тааныша албай, окуй алышпай даана сабатсыз болушат. 

Ушул эле кириллица менен Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун шедевр чыгармаларын жарык көрүп, дүйнө тааныды. Анан эле латын тамгасына өтөлү дегенди такыр түшүнбөй турам. 

Мейли өтөлү дейли, бирок ал араба менен көпүрөдөн өтүп кеткендей эле жеңил маселе болбой жатпайбы? Латында "ө, ү" тамгасы жок. Кыргыздын эң көп сөздөрү төрөлгөндөн татып, өлгөнгө чейинки бүткүл өмүрүң "ө, ү" тамгасынан турат. Анан латын тамгасына жаңы тамгаларды киргизиш керек да. Канчалаган убаракерчилик, каржы маселеси, түмөн түйшүк... Ошондуктан, образдуу айтканда, латындын тилин эмне кыласың, катындын тилин угуш керек деп айтат элем... 

Дегеним, латын алфавитине өткөнгө эч муктаждык жок. Андан экономикабыз өсүп, элдин курсагы тоюп, өлкөбүз гүлдөп кетпейт. Тилди, өлкөнү өнүктүрүү тамгадан көз каранды эмес. Туура саясаттан, туура мамиледен, билимден көз каранды.

- Тарыхый жер-суу аттарын адам аттарына которуу туурабы, дегеним, жакында эле Кара-Буура районун Чыңгыз Айтматовдун ысымына өзгөртүп салышты?


- Башканы билбейм, жердеши, айылдашы катары тарыхый жер-суу аттарын адам атына алмаштырганга мен каршымын. Жаңы район болсо башка кеп эле. Балким эртең бирөөлөр "бул сыймыктангандын ордуна туура эмес кыйшык сүйлөдү, өздөн чыккан жат жаман" деген сыяктуу сөздөрдү айтышы мүмкүн. Бирок убакыт келет, бул кадам туура эмес болгону айтылып, кайра маселе көтөрүлөт. 
Деги эле көзү тирүү болгондо Чыңгыз Айтматовдун өзү каршы болмок. Мындай арзан атакка ал муктаж эмес. Ал өзүнө чыгармалары менен өлбөс, өчпөс атак, тарых жаратып кетти. Эгер ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун атын бериш зарыл болсо, Бишкектеги бир райондун атын ыйгарганда туура болмок.

Ушул жерден бир жагдайды белгилей кетейин, 2019-жылы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Кочкор районунун атын өзгөртөлү деген демилге көтөрүлүп, туугандары каршы болушуп, "Кочкор тарыхый ат, биз каршыбыз, андай болсо Бишкек шаарына эмгеги өттү эле, Биринчи май районунда өмүр бою жашады, ушул районго атын бергиле" дешкен.  Мен Жогорку Кеңеште Биринчи май районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаралы десем, эч ким колдобой коюшуп, Өкмөт үйүнүн алдындагы унаа токтоткон эски аянтка атын беришти. Мен ошондо "унаа токтоткон жерге Усубалиевдин атын ыйгарасыңарбы"  деп айткам... 

                                                                                    Маектешкен Алмаз Темирбек уулу


Пикир калтыруу
Bravo!  Your selection of the biggest web slots is a game-changer.  สล็อตเว็บใหญ่  สุด
Are there any reviews  on durable slot options available?  เว็บสล็อตแตกง่าย
Astounding, this is awesome as you need to take in more, I welcome to This is my page.  สล็อตรวมทุกค่าย
It is somewhat great, by and by look at the information with this handle.  เว็บสล็อตโรม่า
I just need to disclose to you that I am new to weblog and unquestionably enjoyed this blog website. Likely I'm going to bookmark your blog . You completely have magnificent stories. Cheers for imparting to us your blog.  เกมส์ไพ่ป๊อกเด้ง
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter