У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрдоган Батыштын Түркияны Россияга каршы согушка аралаштырууга жол бербей турганын айтты


 Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыштын өлкөсүн Россияга каршы согушка аралаштырууга жол бербей турганын билдирди. Бул тууралуу ал Ahaber телеканалына берген маегинде билдирди.
 
«Эгерде акыркы эки жылдагы аракетибиз болбосо, анда «батыш клубу» Түркияны Россияга каршы согушка сүйрөп кетмек. Биз буга жол бербейбиз”,-деди Эрдоган.
 
Президент өлкө Россия менен Украинанын ортосунда ортомчу болуп кала берерин кошумчалады.
 
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Эрдогандын негизги атаандашы түрк оппозициясынан бирдиктүү талапкер, Республикалык элдик партиянын төрагасы Кемал Кылычдароглу болмокчу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter