У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамов: Энергетика министрин жоопкерчиликке тартуу керек...


 Энергетика министри Таалайбек Ибраевди кызматтан гана албастан анын жоопкерчиликке тартуу керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.
 
Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында,  30 жылдан бери бийликке мамлекетке зыян келтирген адамдар кайра эле кызматка келүүдө. 
 
«Сиз 2009-жылдагыдай жарыкты өчүрүү маселесине кайра эле келип жатасыз.  Эмне үчүн 2010-жылдан бери, тактап айтканда сиз кызматка келгенге чейин электр жарыгын өчүрүү болгон эмес?», - деди ал.
 
Министр бир канча жылдан бери быйылкыдай суук боло электигин, ар бир беш жылда суунун азайган мезгили боло турганын билдирди. 
 
 
 «Жоопкерчиликти алып, бир адам иштеши керек. Андай адам бүгүнкү күндө жокко эсе. Эгерде менин ордума бирөө келип, өлкөнү кыйын абалдан алып чыгам десе, мен кызматтан кетүүгө даярмын», - деп жооп берди Таалайбек Ибраев.
 
Тазабек Икрамов суук болуп эле келгенин, министрди кызматтан кетирбей, жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter