У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖКда оор кылмыштарга аралашканы аныкталган спортчуларды “спорттун чебери”, “спорттун чеберине талапкер" сыяктуу наамынан ажыратуу сунушу көтөрүлдү


 16-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин  жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
 
Жыйын учурунда бир катар депутаттар спортчулардын ар кандай кылмыш иштерине аралашып жатканын, Оштогу үрөй учурган кылмыш ишине байланыштуу кармалгандардын арасында да спортчулардын бар экени буга мисал боло аларын белгилешти.  
 
Ошондой эле, депутат Айбек Маткеримов спортчуларды саясатчылар каржылап, керек учурда аларды терс иштерге пайдаланып жатканын айтты. 
 
Ал эми Жаныбек Абиров  айрым спортчулар уюшкан кылмыштуу топтун катарына кошулуп кетип жатканын, эгер кайсы бир спортчулардын оор кылмыштарга аралашканы аныкталса, алардын “спорттун чебери”, “спорттун чеберине талапкер" сыяктуу наамынан ажыратууну сунуштады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter