У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоодо союз убагындагы Россиядагы карталар караларын айтты...


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди.

Ал чек арадагы соңку окуядан кийин Баткенде аскер күчтөрүн кубаттандырып, жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирди. Эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүү маселесинде Орусиядагы карталар карала турганын айтты:

“Кыргыз-тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы да өзүнүн позициясын билдирди. Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинети Жогорку Кеңеште күз-кыш мезгилине даярдык, экономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык маселелер боюнча маалымат берип жатат.

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өттү. Анын алкагында Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болгон.

Владимир Путин жолугушуу конструктивдүү болгонун айтып, кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталар да караларын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр экенин айтты. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар.

Ал эми куралдуу кол салуудан Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектиси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгон, 132 миңден көбү кайра үйлөрүнө кайтып барды.

“Баткен облусун колдоо боюнча атайын эсепке 327 млн. 549 миң сом чогулду. 317 үй-бүлөгө 200 миң сомдон бөлүнгөн. Жалпысынан 63 млн. 400 миң сом берилди. Калган каражат атайын эсепте турат. Токтомдун негизинде курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам берилди. Каза болгон 15 адамдын жакындарына 1 млн. сомдон, оор жаракат алган жети кишиге 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган 23 адамга 100 миң сомдон бөлүндү”, - деди Төрөбаев.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады.

“Азаттык”


Пикир калтыруу
  • Cnfxvu
  • 27-11-2022, 17:15
  • : 17:15
    • Нравится
    • 0
buy levaquin 250mg for sale brand levofloxacin
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter