У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир министр кызматынан бошотулду


Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
 
Эркинбек Осоев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал 2021-жылдын августунан бери министрлик кызматты аркалап келе жаткан.
 
Буга чейин мамлекет башчы энергетика министри Доскул Бекмурзаев менен билим берүү жана илим министрлери Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу ээлеген кызматынан бошоткон. Кошумчалай кетсек, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter